Акыркы убакта Бишкек шаарында телефон чалуулар аркылуу алдамчылык учурлары көп катталууда.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти муниципалдык менчиктин ижарачыларынан ижара акысын төлөө жана келишим түзүүдө кандайдыр бир маселелерди чечүү боюнча алдамчылардан келген чалуулардан сак болууну суранат.

Эгер сизге белгисиз номерден чалып, шектүү эсепке акча которууну талап кылса, район боюнча өзүңүздүн кураторлоруңузга кабарлап коюуңузду суранабыз.

Ошондой эле төмөнкү телефон номерлери аркылуу байланышсаңыз  болот:

- Бишкек шаарынын мэриясынын Call-борбору - 0554 182 185;
- Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин кабылдамасы - 0312 97 91 95 кошумча (4229).