Бишкек жылуулук электр борбору - жылуулук жана электр энергиясын өндүрүүчү завод.

Бүгүнкү күндө 320 метр бийиктиктеги мордо техникалык иштерден тышкары оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ошентип, жарыктандыруу жана сигнал чырактары үчүн кабелдерди тартуу, тепкичтерди, аянтчаларды, тосмолорду ширетүү жана  аянтчаларды күлдөн тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.  Бул этапта 210 метр бийиктикте 320 метрге чейинки түтүктөрдү сырдоо боюнча да даярдык иштери жүрүп жатат. Бардык иштердин болжолдуу аяктоо мөөнөтү 2025-жылдын 30-апрели.

Белгилей кетсек, өндүрүштүк кубаттуулук тынымсыз режимде иштеп жатат, ошондой эле зарыл учурда жабдуулардын техникалык иштерин, аны токтотпостон жүргүзүлөөрүн белгилей кетүү керек.