Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыровдун жетекчилиги астында Түндүк айланма жолду курууга жана реконструкциялоого арналган көчмө комиссия өткөрүлдү.
Комиссияга райондук администрациянын, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын, муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин, ошондой эле муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө мэрдин орун басары Свердлов жана Биринчи май райондорунун аймагында демонтаждоо иштерин тездетүү зарылдыгына басым жасады.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө ар кандай багыттагы өз алдынча иштеп жаткан 147 объект демонтаждалган, алардын 128и жеңилдетилген типтеги объекттер категориясына, ал эми 19у капиталдык курулуштарга таандык.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү China Road кытай компаниясы менен биргеликте долбоордогу трассадан тышкары жайгашкан объекттерди белгилөө иштерин жүргүзүштү.
Бүгүнкү күндө башкармалыктын адистери чарбалык субъектилердин ээлери менен Түндүк айланма жолунун боюндагы объекттерди куруу жана реконструкциялоо эрежелерине байланыштуу түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүп, ошондой эле эскертүүлөрдү берип жатат.