"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы жаз мезгилине даярдык көрүп, борбор калаага суу тосмолорун орнотууга киришти.
Суу тосмолору (шлюз)-дарыялардагы, каналдардагы жана башка суу объектилериндеги суунун деңгээлин жөнгө салууга арналган гидротехникалык курулуш. Суу тосмолорун орнотуу суунун агымын көзөмөлдөөгө, суу ташкынынын алдын алууга жана жазгы кардын эрүү учурунда калктын коопсуздугун сактоого өбөлгө түзөт.
Шаардын төрт районуна жалпысынан 200 шлюз орнотулат. Бул демилге суу ресурстарын башкарууну жакшыртууга жана жаз мезгилинде мүмкүн болуучу экологиялык жана инфраструктуралык таасирлердин алдын алууга багытталган.
Ишкана, жазга жигердүү даярданууда жана жарандардын коопсуздугун ошондой эле ыңгайлуулугун камсыз кылуу үчүн шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш алып барууда.