Тез жардам тобу Бишкек шаарынын тез жардам станциясынын, Улуттук госпиталдын, Улуттук кардиология борборунун, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун дарыгерлеринен жана шаардык спорттук медицина адистеринен түзүлдү.


Бир нече адам Чолпон-Атанын аймактык ооруканаларына жана Ананьево айылындагы жалпы дарыгерлик борборуна жаткырылды. 4 адам жаракалар менен: үч адам бутун, бир адам колун сындырып алган.  3 адам аппендицит жана эки адам инсульт  менен ооруканага жаткырылды. Мындан тышкары, температура, суук тийүү жана  тиш оорулар менен кайрылышты.


Бүгүн, 7-сентябрда дарыгерлер Монголиядан келген спортчуга биринчи жардам көрсөтүштү. Учурда спортчу Ананьево айылындагы жалпы дарыгерлик борборуна жаткырылды.


 Дарыгерлер тобу күнү-түнү медиципалык кызмат көрсөтүүдө.