28-январдан 31-январга чейин борбор калаада «Bishkek Open 2025» каратэ-до боюнча ири турнир болуп өттү. Ага Азербайджан, Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан сыяктуу 5 өлкөдөн 971 спортчу катышты.

Белгилей кетсек, мелдештер чоңдор, жаштар, кадеттер жана балдар арасында өткөрүлдү.

Чоңдор арасындагы жыйынтыктар:

Эркектер арасында:
* -60 кг: 1-орун — Косимов Собитхон (Өзбекстан);
* -67 кг: 1-орун — Достуев Аслан (Азербайджан);
* -75 кг: 1-орун — Нурланов Назим (Бишкек);
* -84 кг: 1-орун — Ильясов Мухаммед (Бишкек);
* +84 кг: 1-орун — Тайжан Алишер (Уральск).

Аялдар арасында:
* -50 кг: 1-орун — Ярова Дали (Бишкек);
* -55 кг: 1-орун — Алиманова Мадина (Уральск);
* -61 кг: 1-орун — Сайтметова Амина (Шымкент);
* -68 кг: 1-орун — Мансурова Маржона (Өзбекстан);
* +68 кг: 1-орун — Рахманкулова Сагдиана (Шымкент).

Жалпы командалык жыйынтыктар:
* 3-орун: Шымкент шаарынын командасы (8 алтын медаль);
* 2-орун: «КЕЙХАЦУ» клубу (18 алтын медаль);
* 1-орун: Тараз шаарынын командасы (21 алтын медаль).

Өлкөлөрдүн командалык жыйынтыгы:
* 5-орун: Азербайджан;
* 4-орун: Россия;
* 3-орун: Өзбекстан;
* 2-орун: Кыргызстан;
* 1-орун: Казакстан.

«Bishkek Open 2025» турнири каратэ чеберлерин бириктирген жаркын окуя болуп, ар кайсы өлкөлөрдүн спортчуларынын жогорку даярдыгын көрсөттү.