“Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине жаңы формалар тапшырылды.
Ишкананын ар бир кызматкерине атайын формалар: кышкы күрмө, өтүк жана тиешелүү белгилери бар костюм шымдар берилди.
Белгилей кетсек, ишкананын жетекчилиги жамааттык келишимге ылайык милдеттерин аткаруу менен жумушчуларга кам көрүүдө.