2025-жылдын 3-февралына карата Бишкек шаарынын жылуулук электр борбору штаттык режимде иштеп жатат, орточо электр кубаттуулугу - 450 МВт, жылуулук энергиясынын берилиши – 12,399 миң гкал, отундун суткалык чыгымы: көмүр – 7,700 миң тонна. Жылуулук алып жүрүүчүнүн орточо суткалык өргүү температурасы-73,2 0С.
Бүгүнкү күндө 8 от казан агрегаты, 4 кайчылаш байланышы бар турбоагрегат, № 3 жана № 4 агрегаттары иштеп жатат.
2025-жылдын 3-февралына карата жылуулук электр борборунун кампасындагы көмүрдүн калдыгы 133,493 миң тоннаны түзүүдө. Бул көлөм жылуулук жана электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн жетиштүү. Көмүр 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилинин аягына чейин белгиленген графикке ылайык жеткирилет.
Ошол эле учурда, жылуулук электр борборунда зыяндуу чыгарындыларды азайтуу боюнча бардык зарыл болгон чаралар көрүлүүдө. Зыяндуу чыгарындыларды жөнгө салуу максатында Бишкек жылуулук электр борборуна нымдуу күл кармагычтар (скруббер) жана электр фильтрлер орнотулган. Электр фильтрлердин эффективдүүлүгү жыл сайын оңдолуп турат. Ошондой эле, утурумдук жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. 2024-жылы буу казан агрегатынын №15 жана №15 20 электрофильтрлеринде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн.
Бишкек жылуулук электр борбору-Кыргызстандын түндүгүндөгү эң ири генерациялоочу ишкана, ал Кыргызстандын борбор шаарынын тургундарын жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуулук менен камсыздоодо негизги ролду ойнойт.