2025-жылдын 31-январынан 2-февралына чейин Таш-Дөбө айылында Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин тарбиялануучулары арасында «МЕН ЧЕМПИОН» аттуу Республикалык кышкы лыжа жарыштары өттү.
Мелдешке Бишкек, Чүй облусу, Нарын шаары, Ат-Башы жана Нарын райондору, ошондой эле Каракол шаарынан келген 100дөн ашуун жаш спортчу катышты.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын намысын С. Жуманазаров атындагы ӨРАБӨМдүн биатлон бөлүмүнүн 23 окуучусу коргоду.
Бул мелдештин негизги максаты — жаштарды кышкы спорт түрлөрүнө тартуу, аймактардын спорттук базасын өнүктүрүү,ошондой эле мелдеш жаштардын лыжа жарыштары боюнча улуттук командалары үчүн резервди даярдоого жана кышкы олимпиадалык спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө багытталган.
Жарыштар жогорку деңгээлде өтүп, жаш спортчулардын чоң потенциалын көрсөттү. Катышуучулар спорттук духту жана жеңишке умтулуусун көрсөтүп, мелдешти аймак үчүн чыныгы спорттук окуяга айлантышты.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын өкүлдөрү — С. Жуманазаров атындагы ӨРАБӨМдүн тарбиялануучулары жалпы командалык эсепте биринчи орунду камсыздашты. Экинчи орунду Чүй облусунун командасы, ал эми үчүнчү орунду Нарын району ээледи.
Иш-чараны Чүй облусунун дене тарбия жана спорт башкармалыгы Балдар жана өспүрүмдөрдүн спорт мектеби менен биргеликте уюштурду.
Мындай мелдештерди өткөрүү спорттун кышкы түрлөрүн жайылтууга жана Кыргызстандын спорттук потенциалын чыңдоого өбөлгө түзүп, спортчулардын жаңы муунун жаңы жетишкендиктерге шыктандырат.