Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мекемелеринде жашы жете электердин арасында кылмыштуулуктун, мушташтын, зомбулуктун жана баңгиликтин алдын алууга, алардын экстремисттик ишке тартылышына жол бербөөгө, ошондой эле жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүгө багытталган ата-энелер коомчулугу менен жолугушуулар өтүүдө.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын , Бишкек шаарынын ШИИБнын, райондук ИИБнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын, КР ӨКМдин райондордун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, райондордун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, ошондой эле зомбулуктан жана катаал мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борборунун кызматкерлери катышууда.
Бул жолугушуулардын максаты балдар жана өспүрүмдөр үчүн коопсуз чөйрөнү калыптандыруу, мүмкүн болуучу тобокелдиктер жөнүндө ата-энелердин маалымдуулугун жогорулатуу жана жашы жете электердин арасында укукка каршы аракеттердин алдын алуу боюнча биргелешип иштөө болуп саналат.