Кыргыз теннисинин жаш жылдызы Саара Мызаева 2025-жылдын 13-23-январь күндөрү Омандын Маскат шаарында өткөн 14 жашка чейинки өспүрүмдөр жана жаштар арасында Азия теннис федерациясынын Эл аралык турниринде эң жогорку жеңишке жетишти.
Бул мелдешке Бахрейн, Ирак, Иордания, Кувейт, Ливан, Оман, Катар, Сауд Аравиясы, Сирия, Таджикстан, БАЭ жана Йемен сыяктуу 13 өлкөдөн келген 32 спортчу катышты.
Кыргызстанды турнирде үч жаш теннисчи өкүлчүлүк кылып, алардын арасынан С. Жуманазаров атындагы ӨРАБӨМдүн тарбиялануучусу Саара Мызаева айырмаланып чыкты.
Жаш теннисчи өзгөчө оюн чеберчилигин жана корттогу ишенимдүүлүгүн көрсөтүп, 14 жашка чейинки кыздар арасында жеке эсепте алтын медалды жеңип алды. Бирок, Саара муну менен эле токтоп калбай, өзүнүн өнөктөшү менен биргеликте жуптук мелдеште да жеңишке жетишип, турнирдин абсолюттук чемпиону болду. Бул триумф кыргыз тенниси үчүн чыныгы жетишкендик жана өлкөдөгү бардык жаш спортчулар үчүн үлгү болду.
Маскаттагы мелдеш Азияда теннисти жайылтуу үчүн маанилүү аянтча болуп, катышуучуларга эл аралык рейтингдик упай топтоо мүмкүнчүлүгүн берди. Мындан сырткары, бул турнир ITF Азия чемпионатына тандоо этабы болгондуктан дагы да маанилүү деп эсептелди.
Саара Мызаеванын жеңиши — бул кыргыз спортунун өнүгүүсүнө чоң салым. Анын ийгилиги жаңы муундагы теннисчилерге дем берип, өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюн көтөрүүдө маанилүү кадам болуп калды.