Бишкек шаарынынын тургундары жана ишкердик субъектилери таштандыларды жана башка калдыктарды белгиленбеген жерге үйүп салууда, бул көрктөндүрүү эрежелерин бузууга алып келет. Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы тарабынан көп убакытка созулган таштандыларды топтоо учурлары катталды.
№4 орто мектебинин кызматкерлери курулуш калдыктарын муниципалдык аймакка төгүшкөн, ал беш айдай жаткан. Мындан тышкары, №12 орто мектеп туура эмес жерге катуу тиричилик калдыктарын таштаган. Бул эки билим берүү мекемесисине калдыктарды үйүп салуу үчүн жалпы 40 миң сом айып пул салынган.
Ошондой эле, ЖИ С.Т.Б., үч шаар тургуну А.Ю.Р., У.Ш.К., жана О.Д.Е. ушул сыяктуу иштерди жасашкан. Аларга КРнин "Укук бузуулар жөнүндө кодексинин" 115-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү боюнча жалпы 37 500 сом айып пул салынган.
Урматтуу шаар тургундары! Таштандыларды жана башка буюмдарды белгиленбеген жерлерге төгүп, үйүп салууга тыйу салынганын эскертебиз. Буга жеке жактарга 5 500 сом, юридикалык жактарга 17 000 сом айып пул каралган. Калдыктарды өткөрүп берүү "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан бекитилген график боюнча гана жүргүзүлүшү керек. Бул график менен таанышууга "Тазалык" ишканасынан, МАБ (муниципалдык аймактык башкармалык) же кварталдык өкүлдөрдөн ала аласыз.
Таштанды "Тазалык" ишканасы жана башка калдыктарды алып кетүү боюнча келишим негизинде чыгарылат. Алар лицензияга жана калдыктарды көмүү, кайра иштетүү жана жок кылуу боюнча адистештирилген мекемелер менен келишимдик мамилелерге ээ болушу керек.