Ленин акимиатында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын улук ыйгарым укуктуу өкүлү, социалдык маселелер боюнча башчынын орун басары, жалпы билим берүү жана мектепке чейинки мекемелердин директорлору менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлү тарабынан "Жашы жете электер арасында синтетикалык баңгизаттарды жайылтууну жана колдонуунун алдын алуу жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармек каражаттарын пайдалануу коркунучу жөнүндө, ошондой эле, мыйзамсыз сактоо жана жайылтуудагы юридикалык жоопкерчилик жөнүндө" маалымат берилди.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жолугушуунун катышуучуларына балдар менен ишенимдүү мамилени сактоонун, алардын айлана-чөйрөсүн көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле теңтуштарынын кысымы сыяктуу татаал темаларды ачык талкуулоонун зарылдыгын эскертишти.
Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулар жана алардын ата-энелери менен профилактикалык иштерди күчөтүү, баңгизаттардын адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасири, аларды мыйзамсыз сактоо жана жайылтуудагы юридикалык жоопкерчилик тууралуу баса белгиленди.
Белгилей кетсек, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан райондогу мектептерде окуучулардын ата-энелери менен жолугушуулар өткөрүлүүдө.
Жолугушуунун максаты — ата-энелерге зыяндуу заттар менен байланышкан тобокелдиктер тууралуу маалыматтарды кенен берүү, баңгизатка көз каранды болуу белгилерин убагында аныктоо, көндүмдөрдү калыптандыруу жана балдардын жашоосундагы татаал учурларда ата-эне тарабынан колдоо көрсөтүү жолдорун талкуулоо.