Бишкек шаарындагы №53 МЧББсунда базасында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кыргыз тили мугалимдери үчүн "мектепке чейинки билим берүү уюмдарында иш кагаздарын жүргүзүү жана аны ишке ашыруунун жолдору" деген темада семинар болуп өттү.
Семинарга 90 адам катышты.
Тажрыйба алмашуу жана кызматташуу үчүн семинарга Нарын шаарындагы №17 "Ынтымак" балдар бакчасынын методисти Жузубалиева Тамара Оморовна чакырылган.
Семинардын жүрүшүндө Тамара Оморовна иш кагаздарын жүргүзүү жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүшүп, сот-багыт боюнча мастер-класс өткөрдү.
№109 жана №75 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин Кыргыз тили мугалимдери "протоколду жана күндөлүк планды тариздөө" темасындагы докладдарды практикада көрсөтүү менен окушту.
Семинардын соңунда катышуучулар "Жомоктор дүйнөсүнө саякат" темасындагы ачык сабакты көрүштү. Аны республикалык конкурска катышып "Жылдын мугалими" кароо-сынагында "Кыргыз тилинин мыкты мугалими" номинациясында биринчи орун алган А. А. Сулайманова алып барды.
Иш-чарада мугалимдер көп маалымат жана жакшы тажрыйба топтой алышты.