“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалап, туз себүү иштерин улантууда.
Белгилей кетсек, карды тазалоого «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 45 даана КДМ (комбинацияланган автотранспорт), 3 даана ХОВО, 2 даана алдыңкы жүктөгүч жана 22 даана “Беларус” үлгүсүндөгү щетка, күрөктүү тракторлор жолдорду тазалоодо.
Акыркы эки күндүн ичинде 572 тонна техникалык туз пайдаланылды.