Бишкек шаарынын мэриясы Башкы планды иштеп чыгуу боюнча иштердин болжолдуу наркын көрсөткөн сунуштарды 2025-жылдын 10-февралына чейин genplan@meria.kg дарегине жөнөтүүнү суранат.
Кошулган аймактары менен Бишкек шаарын жагымдуу жана пландуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында муниципалитет 2050-жылга чейин архитектура, шаар куруу, шаардын дизайны же ландшафттык архитектура чөйрөсүндө 15 жылдан кем эмес иш жүргүзгөн жеке же юридикалык жактардан, чыгармачыл устаканалардан Бишкек шаарын андан ары шаар курууну өнүктүрүү боюнча концептуалдык идеяларды жана сунуштарды кароого даяр.
Шаар куруунун советтик үлгүсүнөн рыноктук мамилелерге өтүүдө аймактарды шаар куруунун заманбап ыкмаларын жана методологияларын эске алуу менен коомдун маданий-тарыхый мурасын, салттуу негиздерин жана менталитетин чагылдырган шаарды өнүктүрүү концепциялары күтүлүүдө.
Концепция Бишкек шаарынын Башкы планын иштеп чыгуу үчүн негиз болот.
Кошумча суроолор боюнча: 0312 97 99 42; 0 (505) 55 - 13 - 85 - Жакыпов Каныбек Манасовичке (Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаменти) кайрылыңыздар.