Үйлөмө аспаптар оркестри кыргыздан жана чет өлкөлөрдүн белгилүү композиторлорунун чыгармаларын аткарышты. Ал эми «Бишкек ордо» этно-шаарчасынын коноктору булуттуу аба-ырайына карабастан ырдап, бийлешти.

 

Этно шаарчанын конокторуна КР эмгек сиңирген артисти Бакыт  Абыкеев, Саян Исин жана Марина Шипулина ырдап беришти.

 

Аталган иш-чара Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жаткан экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлдү.