2025-жылдын 28-январынан 31-январына чейин Бишкек шаарында каратэ-до боюнча масштабдуу эл аралык «BISHKEK OPEN 2025» турнири өтүүдө. Мелдеш бардык жаш курактагы категорияларды камтыды: чоңдор, жаштар, кадеттер жана балдар. Турнирге 38 команда жана беш өлкөдөн 971 спортчу келген:
•Азербайджан — 6 катышуучу;
•Россия — 72 катышуучу;
•Өзбекстан — 88 катышуучу;
•Казакстан — 424 катышуучу;
•Кыргызстан — 381 катышуучу.

Турнирдин ачылышы салтанаттуу маанайда өтүп, Бишкек шаарынын каратэ-до федерациясынын президенти, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Дмитрий Казанов өз сөзүндө катышуучуларга ийгилик каалап, иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтоло кетти.  Мындан сырткары  Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментине турнирди уюштуруу жана өткөрүү боюнча көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Мындан сырткары сыйлуу конокторго жана калыстарга эстелик үчүн белектер тапшырылды.

«BISHKEK OPEN 2025» эл аралык байланышты чыңдап эле тим болбостон, көрүүчүлөргө кызыктуу таймаштарды, катышуучуларга жаңы спорттук жетишкендиктерди жана унутулгус сезимдерди тартуулаган жаркын спорттук иш-чара болуп калары күтүлүүдө.