«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасында кызматкерлер үчүн маалыматтык жыйын өткөрүлдү.
Камсыздандыруу компаниясынын жана мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү катышып, камсыздандыруу жана турак жай программалары тууралуу кенен маалымат беришти.
Камсыздандыруу компаниясынын өкүлдөрү автоунаа ээлери үчүн милдеттүү камсыздандыруунун маанилүүлүгүн, анын артыкчылыктарын жана полисти кантип алуу тартибин түшүндүрүштү.
Ошондой эле, Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын адистери турак жай алуу боюнча мамлекеттик программалар, жеңилдетилген шарттар жана документтерди берүү тартиби тууралуу толук маалымат беришти.
Жыйналыштын максаты кызматкерлерге социалдык кепилдиктер жана каржылык коопсуздук боюнча маалыматтар берилди.