Бишкек — Кыргыз Республикасынын борбору, анын жан дили жана жүрөгү, саясий, экономикалык, илимий жана маданий борбору, негизги транспорттук түйүнү.
Шаардыктардын жашоо шарттарын жакшыртуу Бишкек шаарынын мэриясы менен шаардык кеңешинин тыгыз жана ачык кызматташуусуна түздөн-түз байланыштуу. Бүгүнкү күндө шаардык мэрия менен БШКнын ортосунда эч кандай пикир келишпестиктер жок –депутаттардын жекече аракеттери Бишкек шаардык кеңешинин жалпы саясатын чагылдырбайт.
Муниципалитет жергиликтүү кеңеш менен конструктивдүү түрдө иш алып барууда, борбор калаабызды өнүктүрүү жана шаардыктардын кызыкчылыктары үчүн бул жолун улантат.
Бүгүнкү күндө, биздин негизги милдеттерибиз – жергиликтүү бюджетти көбөйтүү, инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү, жаңы жолдорду жана социалдык объекттерди куруу, борбор калаанын жашыл аймагын жакшыртуу, инфраструктураны жакшыртууга өзгөчө көңүл буруу, калктын аз кыймылдуу топторунун муктаждыктарын эске алуу жана башка бир катар маселелерди чечүү.
Биздин максат –чечимдерди биргеликте кабыл алуу жана бир багытта иш алып баруу.