Бишкек шаарында аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери карды тазалап, туз себүү иштерин жүргүзүүдө.
Борбор калаанын жолдорун тазалоого 45 даана КДМ (комбинацияланган автотранспорт), 3 даана ХОВО, 2 даана алдыңкы жүктөгүч жана 22 даана “Беларус” үлгүсүндөгү щетка, күрөктүү тракторлор жолдорду тазалоодо.
Ошондой эле ишкананын 700дөн ашык кызматкерлери тротуарларды, жолдордун бордюрларын тазалашат.
Учурда ишканада 2 280,43 тонна туз бар.