Бишкек шаарынын М.Ауэзов көчөсүндө пайда болгон жол кемтиги оңдолот. Ошентип, подряддык уюмдун каражаттарынын эсебинен асфальтбетон катмары бузулган участокторго жаңы асфальт төшөлөт.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы М.Ауэзов көчөсүндө пайда болгон жол кемчилиги тууралуу подряддык уюмдун эсебинен асфальтбетон катмары бузулган тилкелерде жаңы асфальтка алмаштырыларын билдирди.

Эске салсак, М.Ауэзов көчөсү Анкара көчөсүнөн баштап ЧЧКга чейин оңдоо иштери "Чүйдорсервис" ЖЧКсы тарабынан 2024-жылга карата титулдук тизмеге ылайык жүргүзүлгөн.

Жолду капиталдык куруунун жүрүшүндө техникалык көзөмөлдүн адистери мезгил-мезгили менен объектке чыгышчу жана асфальтбетон катмарын төшөөдөн кийин жаңы асфальтта жаракалар пайда болгондугуна байланыштуу жазма буйрук жазышкан (2024-жылдын 15-ноябры № 000003) жана аталган ишкананын өкүлүнө өткөрүп беришти.

Бирок аба ырайынын туруксуз шарттарынан улам жолдогу кемчиликтерди жоюу мүмкүн болгон жок жана подряддык уюм 2025-жылдын жазында асфальтбетон катмарын өз эсебинен калыбына келтирүүгө милдеттенген.