Бишкек шаарынын мэриясы транспорттук каражаттарга катализаторлорду орнотуу боюнча тажрыйбаны баштады. Бул жабдуулар Кытай Эл Республикасындагы Циндао мамлекеттик университети тарабынан иштелип чыгып, сунушталган.

Аталган долбоор башкалаадагы экологиялык абалды жакшыртууга жана абанын булганышын азайтууга багытталган иш-чаралардын алкагында ишке ашырылууда.

Тажрыйба катализаторлордун зыяндуу бөлүкчөлөрдүн чыгышын азайтуудагы таасирин текшерүүгө мүмкүндүк берет.

Жабдуулар экспериментке сунушталган үч коомдук ишмер тарабынан орнотулган — Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов, блогер Максим Золотых жана Айбек Эркинбек уулу (Айба Без Купюр).

Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери газ анализатору аркылуу бул унааларды катализаторлорду орнотконго чейин жана андан кийин текшеришти, бул жабдуулардын эмиссиялардын деңгээлине тийгизген таасирин баалоо үчүн.

Изилдөөнүн жыйынтыктары катализаторлордун Бишкектеги абанын сапатына тийгизген таасирин так аныктоого жана шаардын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча кийинки кадамдарды иштеп чыгууга жардам берет.

Белгилей кетсек, абанын булганышынын негизги булактары — жеке сектор (40%) жана эски унаалар, алар жалпы булганыш булактарынын 30% түзөт.

Бишкекте эксплуатация мөөнөтү 15 жылдан ашкан 333 801 унаа катталган.