А. Умуралиев атындагы Бишкек  шаардык драма театры сиздерди февраль айында терең ойлордун жана жаркын эмоциялардын дүйнөсүнө чакырат. Театрдын сахнасында философиялык жана маданий темаларды камтыган эки өзгөчө спектакль коюлат.

1-2-февраль, 19:00

Бексултан Жакиев
«Саадак какты» («Стон тетивы»)
(кыргыз тилиндеги тамсил)
Коюшчу-режиссёр: Уланмырза Карыпбаев

Кыргыз адабиятынын классиги Бексултан Жакиевдин легендарлуу чыгармасы сахнада жаңыча өңүттө тартууланат. Притчанын жанрында коюлган спектакль тагдыр, руханий күрөш жана тандоонун жоопкерчилиги жөнүндө терең ойлорго жетелейт. Уланмырза Карыпбаевдин таасирдүү режиссёрлугу окуянын драматизмин жана каармандардын ички дүйнөсүнүн тереңдигин өзгөчө ачып берет.

7-8-9-февраль, 19:00

Евгений Шварц
«Ажыдаар» («Дракон»)
(орус тилиндеги философиялык притча, трагифарс жанрында)
Коюшчу-режиссёр: Татьяна Захарова (Россия)

Советтик драматург Евгений Шварцтын белгилүү чыгармасы эркиндик, бийлик жана инсандык жоопкерчилик сыяктуу актуалдуу темаларды козгойт. Россиялык режиссёр Татьяна Захарова бул классикалык притчаны нечендеген маанилер катмарын камтыган, оригиналдуу жана тамашалуу чечмелөөдө.

Урматтуу шаар тургундары жана коноктору!
Сиздерди жогорку деңгээлдеги сахна чыгармаларынан ырахат алып кетүүгө чакырабыз!

Билеттер жана кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлери аркылуу байланышсаңыздар болот: 53-04-42,  +996 (500) 20-10-67, театрдын кассасынын байланыш номери: +996 (500) 201 067.