«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы транспорт кызматтарынын сапатын жакшыртуу максатында рейддерди өткөрүүдө.
Автобустардын аялдамаларда туура токтоосу, транспорттун санитардык абалы, айдоочулардын кызматтык атайын формасы жана жүргүнчүлөрдүн жол кире төлөөсү боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
Бул рейддик иш-чаралар кызмат көрсөтүү маданиятын жогорулатуу жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн уюштурулган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө эрежелерди бузган жана кызматтык форма кийбеген айдоочуларга актылар түзүлдү. Эгерде мыйзам бузуулар улана берсе, аларга карата тиешелүү чаралар көрүлөт.
Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар ар аптанын шейшемби, бейшемби жана жума күндөрү өткөрүлөт.