"Дельфин" олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Кыска убакыттын ичинде дубалдар жаңыртылып, жер төлөдөгү түтүктөр алмаштырылды, жаңы электр зымдары орнотулуп, жарыктандыруу жана шып толугу менен жаңыланды.
Айрыкча полдорго өзгөчө көңүл бурулду: ар бир зонага ылайык паркет, линолеум жана керамикалык плиткалар төшөлдү.
Ошондой эле спортчулар үчүн машыгуудан кийин маанилүү экендиги эске алынып душ кабиналары жаңыртылды — азыр алар заманбап жана колдонууга ыңгайлуу.
Эми «Дельфин» ОРАБӨМу спортко кызыккан бардык жаштар үчүн эшигин ачууга даяр. Жарык жана жаңыланган залдар жаш спортчуларды жана сергек жашоого кадам таштоону каалагандарды күтөт.