2024-жылдын ноябрынан 2025-жылдын январына чейин Бишкек шаарында жаштар арасында футзал боюнча шаар биринчилиги өтөт.
Мелдеш үч жаш категориясы боюнча өткөрүлөт: 2008-2009 (U-17), 2010-2011 (U-15) жана 2012-2013 (U-13) жылы туулгандар арасында. Беттештер «Виват» футбол стадионунда өтүүдө.
25-январда 2012-2013-жылы туулган (U-13) балдар арасында оюндар өтүп, жеңүүчүлөр сыйланышты. 26-январда 2008-2009-жылкы (U-17) категориясында беттештер өтүп, 2010-2011-жылы туулган (U-15) командаларынын да оюндары старт алды.
Иш-чаранын максаты - жаштар арасында футбол чеберчилигин өнүктүрүү, футзалды жайылтуу активдүү жана сергек жашоого кызыгууну арттыруу. Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медаль, кубок жана грамоталар менен сыйланышат.