Бишкек шаарындагы №60 мектебинин базасында балдар жана жаштар арасында зыяндуу заттардын таркалуусун, балдардын эмдөө деңгээлинин төмөндүгү, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу жана жол бербөө маселелери талкууланып,  маанилүү иш-чара өткөрүлдү.

Жыйын Октябрь райондук администрациясы тарабынан райондук КР УКМК өкүлдөрү менен биргеликте уюштурулду.

Райондук Жашы жете элек балдардын иштери боюнча инспекциясы,  РИИБ, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ борбору, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана Билим берүү департаменти, ошондой эле мектеп директорлору катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жаштар арасында синтетикалык заттарды колдонгондордун саны өсүп жатканын белгилешти, ал эми өспүрүмдөр арасында биринчи баңгизаттык профилактиканы күчөтүү зарылдыгы айтылды.

Андан тышкары, катышуучуларга зыяндуу заттардын учурдагы абалы, анын ичинде өспүрүмдөр жана жаштар арасында "Дарыкана баңгили" маселеси тууралуу маалымат берилди.

Өз кезегинде, КР УКМК өкүлү катышуучуларды коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдын айрым пункттарындагы соңку өзгөртүүлөр менен тааныштырды.