Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын “2024-жылга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2025-жылга милдеттери жөнүндө” коллегиясынын жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү.
Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү системасынын мекемелеринин 2024-жылга бекитилген бюджети 609,9 млн сомду, аткарылышы 526,7 млн сомду түздү.
2024-жылдын 12 айында 58 805 адамга 174,4 млн сом суммасында даректүү социалдык жардам көрсөтүлгөн.
Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында 2024-жылы 3041 үй-бүлө кароодон өтүп, турмуштук оор кырдаалда турган 1294 бала аныкталган, анын ичинен 776 мигрант үй-бүлөлөрдөн балдар, 160 бала камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө алынган, 292 балдар реабилитациялык борборлорго жөнөтүлгөн.
"Зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жапа чеккен балдарга жардам берүү борбору" мекемеси тарабынан 171 балага жардам көрсөтүлгөн, анын ичинен: физикалык зомбулуктан жапа чеккен 63 балага, психологиялык кысым көрсөтүлгөн 36 балага, сексуалдык зомбулуктан жапа чеккен 72 балага. "Ишеним телефонуна" 244 телефон чалуу келип түшкөн, 346 психологиялык консультация өткөрүлгөн, 84 балага 145 реабилитациялык сабак өткөрүлгөн. “Акниет” жана “Айданек” борборлору турмуштук оор кырдаалда турган 366 балага кызмат көрсөтүштү.
2024-жылы «Коломто» муниципалдык мекемеси 2442 адамга кызмат көрсөткөн.
2024-жылы административдик-аймактык реформаны эске алуу менен 253 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлгөн.
Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин 2024-жылга бекитилген бюджети 6,1 млрд сомду, аткарылышы 8,2 млрд сомду түздү.
2024-жылы «Мектепке чейинки билим берүү уюмун трансформациялоо: Кыргыз Республикасындагы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча чаралар» долбоорунун алкагында 10 бала бакчанын долбоордук кубаттуулугу аларды тартма керебеттер менен жабдуу жолу менен эки эсеге, жана балдардын саны 1576 балага көбөйгөн.
10 жаңы бала бакча, анын ичинде бала бакчанын кошумча имараты пайдаланууга берилип, 2 бала бакчада да капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында шаар боюнча балдарды жалпы камтуу 5988 балага көбөйдү.
2024-жылы Санариптик технологияларды билим берүү процессинде колдонуунун алкагында, Бишкек шаарындагы 15 мектеп интерактивдүү панелдер менен жабдылган, ал эми методикалык колдоо көрсөтүү максатында көп тилдүү билим берүү программасынын алкагында иштеген 4 бала бакча жана 4 мектеп жалпы суммасы 4,5 миллион сомго интерактивдүү панелдер, компьютерлер жана принтерлер менен жабдылган.
2024-жылы "Жаш мугалимдин депозити" программасынын 59 катышуучусуна 7,7 млн сом төлөнгөн.
Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 28-июнундагы №153-р буйругуна ылайык, окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн VPN-каналы аркылуу 103 мектепке 218 видеобайкоо камералары орнотулган.
2024-жылы маданият мекемелеринин бекитилген бюджети 533,7 млн сомду түздү, анын ичинде шаардык иш-чараларга – 96, 6 млн сом, 508,1 млн сом шаардык иш-чаралар толук көлөмдө каржыланды.
2024-жылы жалпы 820 411 адамды камтуу менен 5 124 иш-чара өтүлдү, анын ичинде: 12 шаардык ири иш-чара, республикалык жана эл аралык маанидеги (Эл аралык аялдар күнү, жазгы майрам «Нооруз», Бишкек шаарынын балдар искусство мектептеринин арасындагы «Жаш таланттар» кароо-сынагы, Жеңиш күнүнө арналган «Кызыл гвоздика» кароо-сынагы, Бишкек шаарынын 146 жылдыгы, 9-Май Жеңиш күнү, «Наристе» эл аралык балдар фольклордук фестивалы, «Ала-Тоо» аянтында жаңылынган борбордук фонтандын салтанаттуу ачылышы, КМШ мамлекеттеринин катышуусу менен балдар Дельфи оюндарынын ачылышы, ДСМЧА арасындагы көркөм чыгармачылык жана кол өнөрчүлүк искусствосунун XXIV фестиваль-конкурсу, «Ала-Тоо» борбордук аянтындагы өлкөнүн башкы балатысын жандыруу аземи, 2025-жаңы жылды тосуу иш-чарасы).
Шаардык музейлерде 11 көргөзмө, 10 мастер-класс, 1 317 экскурсия жана 13 маданий-эс алуу иш-чаралары өткөрүлдү. 2024-жылы музейлерди көрүүчүлөрдүн саны 47 392 адамды түздү.
2024-жылы дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты мекемелеринин бекитилген бюджети 546,2 млн сомду түзгөн. Бюджеттин аткарылышы 511,7 млн сомду түздү.
2024-жылдын 12 айында 395 спорттук иш-чара уюштурулган, алардын ичинен спорттун ар кандай түрлөрү боюнча 107 шаардык чемпионат, биринчиликтер жана эл аралык турнирлер өткөрүлгөн, аларда спорттук мектептердин тарбиялануучулары 1927 медаль алышкан, алардын 593ү алтын, 584ү күмүш жана 750сү коло. Спорттун ар кандай түрлөрү боюнча 445 "Спорт чеберине талапкер" даярдалды.
Төмөнкү масштабдуу спорттук иш-чаралар өткөрүлдү: Бишкек шаарынын реабилитациялык борборлорунун, мектеп-интернаттарынын балдарынын, калктын социалдык аялуу катмарынын балдарынын катышуусунда «Бардыгы лыжа жолунда-2024» кышкы фестивалы, “Велосезон-2024”, Бишкек шаарынын “Мектеп лигасынын” долбоору, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган III жалпы шаардык “Жеткинчек” спартакиадасы.
Төмөнкүдөй ири масштабдуу спорттук иш-чаралар өткөрүлдү: реабилитациялык борборлордун, мектеп-интернаттардын балдарынын, калктын социалдык жактан аялуу катмарынын балдарынын катышуусу менен "Бардыгы лыжага – 2024" кышкы майрамы, "Велосезон – 2024" ачылышы, Бишкек шаарынын "Мектеп лигасынын" долбоору, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган "Жеткинчек" жалпы шаардык спорт фестивалы.
Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 2024-жылдын ичинде жаштар менен активдүү иштер жүргүзүлүп, экстремизмге жана радикализмге каршы туруу, ВИЧ/СПИДдин алдын алуу, психотроптук заттардын таралышын жана колдонулушун алдын алуу темаларында лекциялар жана тегерек столдор уюштурулду.
Жаштар үчүн сергек жашоо образын жайылтуу жана алдын алуу максатында төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлгөн: II "Экобатл" экологиялык кубогу, спортчулардын, студенттердин жана мектеп окуучуларынын катышуусу менен "Дени сак болуу – мода", “Баңгизатка каршы” акциясы, "Жаштар сергек жашоо образы үчүн" мини-футбол боюнча турнири, "Хакатон" маалыматтык жана изилдөө долбоорлорунун сынагы жана "Келечек оюндары" мультиспорт турнири.