Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын “2024-жылга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2025-жылга милдеттери жөнүндө” коллегиясынын жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.

2025-жылы Ч.Айтматов көчөсүн бойлото 50 жылдан ашык өскөн эски дарактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулат.

Бул эски бак-дарактар чирип, айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө коркунуч жаратып баштады. Бул аймакка клен көчөттөрү отургузулуп, жашыл зоналар жакшыртылып, веложол курулат.

Мындан тышкары, "Аламедин" жана "Ала-Арча" дарыяларынын узундугу 13 жана 14 чакырымдан ашкан нугун тазалоо иштери жүргүзүлөт. Бул дарыялар 30 жылдан ашык убакыттан бери тазаланган эмес. Дарыялардын айрым участокторунда бул долбоорго инвестиция салууну каалаган инвесторлор үчүн эс алуу зоналары иштелип чыгат жана түзүлөт.

Көптөгөн фонтандар эскирип, иштебей калган. Бул маселени чечүү үчүн быйыл 22 фонтан реконструкцияланат.

Жер астындагы кабелдик каналдарды иретке келтирүү жана кабелдик линияларды уюштуруу иштери улантылууда.