Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын “2024-жылга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2025-жылга милдеттери жөнүндө” коллегиясынын жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.

Шаардын чек арасын кеңейтүүнү эске алуу менен учурда заманбап курулуш стандарттарына жооп бере турган 2025-2050-жылдарга жаңы Башкы план иштелип жатат, деп билдирди мэр Айбек Джунушалиев.

Шаардык жаңы инновацияларды киргизүү Бишкек шаарын бирдиктүү стилге айландыруу максатын көздөйт.

Бул үчүн кеңири жөө зоналар, жашыл аймактар, экологиялык жактан таза транспорт, веложолдор түзүлүп, жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган долбоорлор ишке ашырылат.

Бул максатка жетүү үчүн бул жаатта дүйнөлүк лидер катары таанылган япониялык NIKKEN SEKKEI компаниясы менен биргеликте шаар курулушун өнүктүрүүнүн концептуалдык планы иштелип чыккан.