Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын “2024-жылга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2025-жылга милдеттери жөнүндө” коллегиясынын жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.
2024-жылы муниципалдык менчикти ижарага берүүдөн салыктык эмес кирешелердин иш жүзүндө түшүүсү 7,2 млрд сомду түздү же 2023-жылга салыштырмалуу 5,9 млн сомго көп.
775,5 млн сомдук жалпы аянты 14,7 га 12 жер тилкеси жана 364,2 млн сомдук 6 турак эмес жай муниципалдык менчикке кайтарылып берилген, жалпы аянты 28,95 гектар 3 жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтарылды.
Жалпы суммасы 119,4 млн сомду түзгөн 106 аукцион өткөрүлүп, муниципалдык турак жайларды менчиктештирүү боюнча комиссиянын 5 отуруму болуп, анда 75 арыз каралып, анын 48и жактырылды.
Чогулган каражатка жаңы форматтагы 20 аялдама орнотулуп, 63 аялдаманын курулушу аяктоо алдында турат.
2024-жылы ишке ашырылып жаткан жерге мунапыс берүүнүн алкагында жарандардан 2605 арыз түшүп, 76 комиссиянын отуруму болуп, жыйынтыгында 2657 оң чечим кабыл алынып, 9 арыз четке кагылган, 2205 материал "Бишкекбашкыархитектура" шаар куруу корутундусун даярдоо боюнча мамлекеттик мекемеге жөнөтүлгөн.
Административдик-аймактык реформанын алкагында Сокулук жана Аламүдүн райондук мамлекеттик администрацияларынан жарандардан 18 219 арыз келип түшкөн, жерлерге мунапыс берүү боюнча комиссиянын 25 отуруму өткөрүлүп, 6298 арыз каралып, жыйынтыгында 2130 оң чечим чыгарылган, 3574 материал «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине жерге жайгаштыруу схемаларын жана жер тилкелеринин долбоорлорун даярдоо үчүн жөнөтүлгөн.
2024-жылы Бишкек шаары боюнча 7075 объект (анын ичинде 3537 жеңил типтеги объект, 506 капиталдык имарат, 3032 жарнак курулмалары) демонтаждалган, жалпы суммасы 16,8 млн сомго 1722 протокол түзүлгөн. Муниципалдык жерлерди иш жүзүндө пайдалангандыгы үчүн 72,7 млн сом, дебитордук карыздар боюнча 6,7 млн сом суммасында ижара акысы өндүрүлүп, жалпысынан 79,4 млн сом өндүрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 643 «Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан атмосфералык абаны коргоо жаатындагы ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө» токтомун аткаруу максатында Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу жана жакшыртуу жаатында Бишкек шаарынын мэриясынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу 2023-жылдын декабрь айында
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы түзүлүп, 9 электр транспорту бөлүнүп, атайын формалар кызматкерлерге берилген.
2024-жылы 51 185 чарба жүргүзүүчү субъекттерге, ишканаларга, уюмдарга жана жеке чарбаларга текшерүүлөр жүргүзүлүп, жалпы суммасы 105,5 млн сомго 9242 протокол түзүлүп, 23,0 млн сом айып салынган (2023-жылга салыштырмалуу айыптар 4, 5 эсеге көбөйгөн).