Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерди аткарууну көзөмөлдөө бөлүмү Президенттин 2023-жылдын 14-мартындагы №56 жарлыгын аткаруу максатында Профсоюзная  жана Махатма Ганди көчөлөрүндөгү күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатууну токтотуу боюнча рейд өткөрдү.

Ага Биринчи май районунун администрациясынын, Мамлекеттик салык кызматынын, муниципалдык инспекциянын, №13, 15, "Маевка" жана "Пригородное" аймактарынын өкүлдөрү катышты.


Муниципалдык инспекция тарабынан Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексинин 286-беренесине ылайык 6000 сомго 2 протокол түзүлгөн.


Биринчи май районунун мамлекеттик салык кызматы тарабынан 1190 литр отун алынып салынып, салык кызматынын айып базасына жеткирилди.

Бул багытта иштер уланууда.