Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы санитардык абалды, анын ичинде кардан жана муздан тазалоону сактоо боюнча рейд жүргүздү.

Менчик формасына карабастан 226 чарба жүргүзүүчү субъект текшерилди.

Шаарды көрктөндүрүү эрежелерин сактабаган жана чектеш аймактарды кардан жана муздан тазалоону уюштурбаган жарандарга 150 көрсөтмө берилген.

Бардык министрликтер жана ведомстволор, ишканалар, соода борборлору, дүкөндөр, павильондор жана башка уюмдар, менчик формасына карабастан, имаратка тиешелүү аймакты кардан жана муздан тазалоого милдеттүү.

Муз пайда болгондо аймак инерттүү материалдар (кум, майда таш, туз аралашмасы) менен иштетилет.

Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелеринин 119-пунктуна ылайык, объекттердин жана аймактардын ээлери же колдонуучулары, Бишкек шаарынын мэриясынын таштандыларды чыгаруу жана көрктөндүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органы тротуарларды, жөө жүргүнчүлөрдүн жолдорун, өтмөктөрдү, транспорт токтотуу жайларын кардан жана муздан катуу жабууга чейин тазалоого тийиш.

Талаптарды так аткарбагандар үчүн КР Укук бузуулар кодексинин 114-беренеси менен айып пул каралган. Жеке адамдар үчүн – 3 000 сом, юридикалык жактар үчүн – 13 000 сом.