Октябрь районунун администрациясы, РИИБдин Жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясы, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана Билим берүү деппартаментинин өкүлдөрү менен биргеликте №98 мектептин базасында окуучулардын ата-энелери менен жолугушуу өткөрдү. Бул окуучулар жана алардын ата-энелери арасында баңгизат колдонуунун алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында уюштурулду.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери катышуучуларды жасалма заттарды колдонуу боюнча жана жаштар арасындагы "Дарыкана баңгизатынын" учурдагы кырдаалы жана көрүнүшү тууралуу маалымат берди.
Райондо синтетикалык заттардын жашыруун жарнамасы жайгашкан имараттарды боёө боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыгынын активдүү иштери уланууда.
Биргелешкен талкуунун жыйынтыгында райондогу мектептердин педагогикалык курамы менен ушундай жолугушууну уюштуруу жана өзгөчө жаштар арасында зыяндуу заттардын таралуусунун алдын алуу боюнча мындай иш-чараларды күчөтүү чечими кабыл алынды.