2025-жылдын  29 - январында  саат 09:00дөн 24:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багытындагы өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Өчүрүү району:
Лермонтов, Жеңиш проспектиси, Чоң Чүй каналы (күн чыгышты көздөй), Садовый, Ленин, Гражданский көчөсү менен түндүктү көздөй ЧЧКга чейин, Энергетиктер шаарчасынын түндүк тарабындагы көчөлөрү менен чектешкен аймактар.

Ичүүчү сууну өчүрүү шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууңуздарды суранат.