2025-жылдын 28-январында саат 10:00дөн - 20:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, балдардын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Өчүрүү району:
- Скрябин – Тыныстанов – Радищев – Панфилов - Медеров көчөсү менен Горький көчөсүнө чейин- Л.Толстой-Панфилов көчөлөрү менен чектешкен аймакта.
Ичүүчү сууну өчүрүү: диаметри 500мм болгон шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.
«Бишкексууканал» ишканасы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.