Биринчи май районунда коррупцияга каршы күрөшүү, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу, балдардын коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча жыйын өттү.
Жыйынга муниципалдык администрациянын башчысынын орун басары, КР УКМКнын Биринчи май району боюнча бөлүмүнүн, райондук билим берүү борборунун, балдар иштери боюнча инспекциясынын өкүлү, ошондой эле райондук жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышты.
Жыйында УКМКнын өкүлү катышуучуларга коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мыйзамдардын айрым пункттарына киргизилген акыркы өзгөртүүлөр боюнча маалымат берди.
Башчынын орун басары коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдардын так аткарылышы, ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча комплекстүү профилактикалык иштерди жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, 2025-жылга карата балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, жол кыймылынын эрежелерин сактоо, суу объектилеринин жанындагы коопсуздук чаралары, ошондой эле учурдагы профилактикалык эмдөөлөрдүн календарынын алкагында окуучуларды эмдөө боюнча ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы тууралуу, электр энергиясын жана муздак сууну сарамжалдуу пайдалануу, билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн камсыздандыруу боюнча пландар талкууланды.
Жыйындын соңунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдардын талаптарын так сактоо, жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу жана балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча комплекстүү чараларды көрүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.