Бишкек шаарындагы жалпы билим берүүчү мекемелерде балдар арасындагы кылмыштуулукка жана баңгизаттын зыяндуулугуна карата, өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын, жашоочуларды экстремисттик иштерге тартуунун, ошондой эле зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча иш-чаралар өттү.
Бул иш-чаралардын алкагында №19, №54, №108, №78, №86 мектептерде жана Биринчи май районундагы №1 лицей-интернатында лекциялар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Лекцияларга КР ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери, милициянын майору Акылбек Джоорбаев, МККБнын уюштуруу инспектордук болумунун тескоочусу милициянын капитаны Диляра Молдобаева , ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери, милиция капитаны Темирлан Таиров, ошондой эле Биринчи Май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана билим берүү департаментинин өкүлдөрү катышты.
Белгилей кетсек, лекциялар бекитилген графикке ылайык өткөрүлдү жана башка мектептерде да улантылат.