Борбор калаадагы "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көчөлөрдү кардан тазалоо иштерин улантууда

Бүгүн, 2025-жылдын 23-январында, саат 8:00дө атайын 85 бирдик техника жана ишкананын кызматкерлери иштөөдө.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын көчөлөрүн кардан тазалоого 37 МАЗ базасындагы  кар тазалоочу машина, 10 Шахман КЖМ (комбинацияланган жол техникасы ), 2 фронталдык жүктөгүч, 24 шыпыргы  жана күрөктөрү  менен «Беларус» тракторлору , 4 "УКМ-2500" универсалдуу коммуналдык машинасы жана 4 шыпыргысы бар «Бопкат» катышууда.

Белгилей кетсек, 22-январдан тарта ушул убакытка чейин 767 тонна техникалык туз сарпталды.