Борбор калаада балдардын коопсуздугун камсыздоо кечкисин жана түнкүсүн ата-энесинин же камкорчуларынын коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо иштери уланууда.

Алсак, Ленин районунда эмгек мыйзамдарын бузуу менен эмгекке тартылган балдарды аныктоо максатында рейддер өткөрүлдү.

Ленин райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын, билим берүү башкармалыгынын, ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү, мектептердин өкүлдөрү катышты.

Рейддин жүрүшүндө жашы жете электердин иштөөсү мүмкүн болгон бир нече объектилер текшерилди.

Ата-энелерге жана иш берүүчүлөргө балдардын эмгек ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзам ченемдери жөнүндө маалымдоо зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулат.

Рейддин максаты – мыйзам бузууларды аныктоо гана эмес, жашы жете электердин билим алуу жана ар тараптуу өнүгүү укугун камсыздоо.