«Тазалык» муниципалдык ишканасы тез арада кар тазалоо жана борбордун жолдоруна туз себүү иштерин баштады.  

Саат 13:00гө карата ишке 44 атайын техника тартылып, 55 тонна техникалык туз колдонулду. Техниканын курамы төмөнкүчө:  
- 5 МАЗ базасындагы кар тазалоочу машина,  
- 5 Шахман КДМ (комбинацияланган жол техникасы),  
- 2 фронталдык жүктөгүч,  
- 24 «Беларус» трактору шыпыргы жана күрөктөрү менен,  
- 4 «УКМ-2500» универсалдуу коммуналдык машинасы,  
- 4 шыпыргысы бар «Бопкат» техникасы.  

Белгилей кетсек, кар тазалоого жаңы атайын техникалар жана 750 кызматкер тартылган. Алар тротуарларды тазалап, жолдордун жээктерин кардан арылтууда.