Бүгүн, 2025-жылдын 17-январында борбордук Ала-Тоо аянтындагы Манас эстелигинин постаментин демонтаждоо иштери башталды.

Реконструкциялоо иштеринин жүрүшүндө эстелик муниципалдык базага сактоо үчүн убактылуу көчүрүлөт.

Буга чейин Айкөл Манастын эстелигин реконструкциялоо иштери башталган. Реконструкциялоонун алкагында эстеликтин постаменти толугу менен жаңыланып, жер төлөнүн конструкциялары бекемделет.

Белгилей кетсек, бул иштер Ала-Тоо аянтын реконструкциялоонун уландысы болуп саналат.