«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы декабрь айында жылытуу жана ысык суу үчүн эсептелген суммалар ноябрь айына караганда жогору экенин билдирет. Бул жылуулук берүү мезгилинде абанын температурасына жараша 5 айга бирдей бөлүнбөстүгү менен байланыштуу. 

Мисалы: 

• Ноябрь айында жалпы бир жылдык жылуулуктун көлөмүнөн  17% бөлүнөт,
* Декабрь айында — 22%,
* Январь айында — 25%,
* Февраль айында — 20%,
* Март айында — 16%.

Декабрь айында орточо абанын температурасы нормадан төмөн болуп, -2,1 °С (норма -1,1 °С) түзсө, ноябрь айында ал нормадан жогору болгон: +6,5 °С (норма +3,8 °С). Буга байланыштуу жылуулукту керектөө көбөйөт, ал квитанциядагы суммаларга таасирин тийгизет.

Эсептөөлөр жылуулук энергиясын эсептөө методикасы боюнча жүргүзүлөт. Ай сайын эсептелген сумма абанын орточо айлык температурасына түздөн-түз байланыштуу болот, аны Кыргыз Республикасынын гидрометеорологиялык кызматы камсыз кылат. Жылытууда ошол канчалык суук болсо, эсептелген сумма ошончолук жогору болот.

Мындан тышкары, 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы №287 токтому менен жылуулук энергиясынын тарифтери жогорулатылды. Буга ылайык, 2021-жылдын 30-сентябрында кабыл алынган №193 токтомго өзгөртүүлөр киргизилди.

Калк үчүн: Жалпы аянты 80 м2ге чейинки турак жайлар үчүн ай сайын колдонулуучу жылуулук энергиясынын социалдык нормасы киргизилген. Бул норма социалдык тариф боюнча 1 Гкал үчүн 1560 сом төлөнөт.

Панель үйлөрдүн 105-сериясындагы батирлер үчүн болжолдуу жылытуу наркы (1 560 сом/Гкал тарифи боюнча):
* 1 бөлмөлүү батир (35,1 м2) —сарпталган жылуулук 3,6 Гкал — 5616 сом.
* 2 бөлмөлүү батир (48 м2) — сарпталган жылуулук 4,93 Гкал — 7691 сом.
* 3 бөлмөлүү батир (61 м2) — сарпталган жылуулук 6,31 Гкал — 9844 сом.
1 м2 аянтка жылуулук үчүн болжолдуу нарк: 1 560 сом/Гкал тариф боюнча жылына 160,2 сом.
80 м2ден ашкан жалпы аянттагы турак жайлар үчүн жылуулук энергиясынын тарифтери социалдык нормадан ашкан ар бир м2 үчүн орто эсеп менен 5998,17 сом/Гкал тарифинде алынат.

1.Жылуулук энергиясы кантип эсептелет? Сарпталган жылуулук энергиясы төмөнкү ыкма боюнча эсептелет:
• Бишкектеги орточо жылытуу мезгилиндеги температура — +0,2 °С.
* Үйдүн ичинде орточо температура — +18 °С.
* Үйдүн өлчөмү жана курулуш материалдары.
* Бишкектеги жылытуу мезгили 150 күн.
* Жылуулук айлар боюнча ар бир айдын орточо температурасына жараша бөлүнөт. Жылытуунун наркы турак жайдын аянтына жана орнотулган тарифтерге жараша болот.

Эгерде жылуулук энергиясын колдонуу боюнча кошумча суроолор болсо, төмөнкү даректер боюнча байланышсаңыздар болот:
* Сатуу борбору: Москва көчөсү, 160.
* Абоненттерди колдоо борбору:
o 1980 (колл-центр)
o (0312) 61-11-69
o (0557) 611166
o (0777) 611166
o (0701) 611166.