Борбор калаадагы Кара-Дарыя көчөсү Медеров көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейинки жолду куруу иштери уланууда.
Бүгүнкү күндө Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүк дээрлик бүттү, ал эми Горький көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейинки иштер жасалууда.
Негизги Кара-Дарыя көчөсүнүн 1.4 км аралыктагы оңдоп-түзөө иштерин Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратузумду онуктуруу департаменти жүргүзүүдө. Ал эми «Технотоп» ЖЧКсы-жумуштарды аткаруучу подряддык уюм.
Жолдун туурасы 9 метрди түзөт. Эки тарабында ирригациялык система жана тротуар орнотулат.
Эске салсак, Кара-Дарыя көчөсүнүн курулушу 2024-жылы башталган, ал борбордун түндүгү менен түштүгүн байланыштырган жаңы магистралдык жолдорду түзүү долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.
Мындан тышкары, Бакаев көчөсүн Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин ачуу боюнча иштер уланууда.
Бүгүнкү күндө демонтаждык иштер, асфальтобетондук жабууну алып салуу жана топуракты казуу иштери жүргүзүлдү. Азыркы учурда тейлөө дубалдарын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасы тарабынан темир жол көпүрөсү курулду.