«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы борбор калааны көрктөндүрүү иштерин улантууда.
Жолчулар жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 7-Апрель жана И. Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги айланма тосмолорду оңдоду.
Мындан тышкары, автотранспорттун коопсуз жана ыңгайлуу кыймылы үчүн жол белгилерин орнотуу жана оңдоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.