«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы шаардагы аншлагдарды (көчөлөрдүн аттары жазылган номер такталары) орнотуу боюнча активдүү иш алып барууда.

Иш-чаралар И. Ахунбаев көчөсүндө Ч. Айтматов проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн түштүк тарабында башталды. Бул бөлүктөгү иштер аяктагандан кийин, ошол эле иштер түндүк тарабында жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, ишкана Байтик Баатыр көчөсүндө Кулатов көчөсүнөн А. Масалиев көчөсүнө чейин аншлагдарды орнотууну пландап жатат.

Эске салсак, аншлагдар «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын атайын цехинде жасалат жана алардын долбоорлору Бишкек шаардык башкы архитектурасы тарабынан бекитилет.