Борбор калаадагы унаалар үчүн зыяндуу түтүндөрдү тазалоочу катализаторлор көрсөтүлдү. Бул атмосфералык абаны коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан долбоорлордун бири.

Иш-чарага Бишкек жана Чүй облусунун атмосфералык абаны жакшыртуу боюнча жумушчу топтору катышты. Катализаторду Цындао университетинин адьюнкт-профессору тааныштырды.

Адистердин айтымында, Бишкектеги түтүнгө жеке сектордун жана катализаторсуз унаалар себеп болууда. Катализаторлордун жоктугу атмосферага көмүр кычкыл газынын, көмүртектин жана башка уулуу заттардын көп бөлүнүп чыгуусуна алып келет.

Мындан тышкары, Жал айылындагы «Жан Уя» балдар бакчасында акылдуу от казандын иши көрсөтүлдү. Бул от казан аз көмүр менен иштейт жана көмүр кычкыл газын күйгүзүүчү механизми аркылуу абага зыяндуу заттарды аз бөлүп чыгарат, ошондуктан экологиялык жактан таза жана натыйжалуу.

дд