Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы таштандыларды туура эмес жерге төгүп, бир нече мыйзам бузгандарды аныктады.

Темир жол ооруканасы үй-тиричилик таштандыларына арналган контейнерлерге медициналык калдыктарды төккөнү үчүн айып салынды. Мындай калдыктар атайын белгиленген эрежелер боюнча жок кылынууга тийиш. Бул үчүн КРнын укук бузуулар кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгү менен 23 000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, протокол түзүлгөн.

Курулуш таштандыларын жолдун эл баса турган бөлүгүнө төккөн шаар тургуну А.Р.Ч.га КРнын укук бузуулар кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгү менен 7 500 сом айып пул салынды. Мындан тышкары, курулуш таштандыларын 3 күндүн ичинде алып чыгууну талап кылган көрсөтмө берилди.

Тазалыкка кайдыгер эмес  шаар тургуну шаардын чок ортосуна  төгүлгөн таштанды боюнча арыз жазган. Окуя болгон жерде С.П.В.га таандык чоң таштанды үйүлүп калган. Ага карата КРнын укук бузуулар кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгү менен дагы 7 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Таштандылар дароо чыгарылды.

Элебесов көчөсүндө жайгашкан № 10 үйдүн жанына мыйзамсыз таштандылар төгүлүп, тазалыкты бузган жаран О.Э. болуп чыкты. Ага КРнын укук бузуулар кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 5 500 сом айып пул салынды.

Өнөр жай таштандыларын төккөндүгү үчүн «Рим и КО» компаниясы 23 000 сом айып пул төлөп, КРнын укук бузуулар кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгү менен жазаланды.

Өнөр жай жана курулуш таштандыларын белгиленбеген жерде сактагандыгы үчүн “Д.Н.”, шаар тургундары С.Н. жана С.Г.га 32 000 сом айып пул салынды.

Урматтуу шаардыктар жана уюмдар, таштандыларды белгиленбеген жерлерге төкпөңүздөр!