Бишкек шаарынын муниципалитетинин жыйындар залында шаар мэри Айбек Джунушалиевдин пландуу жыйыны өттү.

Бишкек шаарынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директору 2024-жылдын 12 айында аткарылган иштер жана 2025-жылга пландар тууралуу маалымат берди.

Департаменттин директорунун айтымында, жергиликтүү бюджеттин кирешелер бөлүгүнүн планы 100% аткарылган.

Айбек Джунушалиев муниципалдык мүлктү ижарага берүү иштерин жөнөкөйлөтүүнү тапшырды.
Шаар башчысы аукцион өткөрүлгөндөн кийин ижара келишимин Кыргызстандын учурдагы мыйзамдарына ылайык, мүмкүн болушунча кыска убакыттын ичинде түзүү керектигин кошумчалады.

«Департамент боюнча бизге арыздар түшүүдө. Маалымат боюнча, кээ бир маселелер 6-7 айга созулуп жатат. Биз бул процессти жөнөкөйлөтүшүбүз керек, Бишкек тургундары үчүн ылайыктуу шарттарды түзүшүбүз керек. Мындан тышкары, коррупциялык аракеттер болбошу керек», — деп жыйынтыктады А.Джунушалиев.

2025-жылга карата департамент жерди гараж кооперативдерине ижарага берүү, ошондой эле мыйзамсыз берилип, колдонулбай калган жерлерди кайтарып алуу боюнча иштерди күчөтүүнү пландаштырган.